Лабораториялык иштер


Бөлүм2.ЭЛЕКТР ЖАНА МАГНЕТИЗМ

№9 Лабораториялык иш
Трансформаторлор

Башкы бет Киришүү Бөлүм 1.Механика жана термодинамика №1 Электр чынжырын чогултууга арналган тажрыйба тактасы. Резистордун каршылыгын түстүү маркерлөө боюнча аныктоо №2 Керектөөчүлөрдү жана ток булактарын өз ара туташтыруу түрлөрү №3 Электр тогу. Чынжырдын бөлүгү үчүн Омдун закону №4 Кирхгофтун эрежелери №5 Конденсаторлор №6 Өзгөрмөлүү ток №7 Диоддор №8 Транзисторлор

Иштин тартиби:

 

1.          9.5-сүрөттүн сол жагындагы I түрмөк биринчи, оң жагындагысы экинчи түрмөк деп аталат. Түрмөктөрдү чиймеде көрсөтүлгөндөй абалда жайгаштырып (А конфигурациясы), биринчи түрмөккө өзгөрмөлүү ток берип, экинчи түрмөктөн чыккан чыңалууну өлчөгүлө.

 

          

         9.5-сүрөт

2.    Биринчи жана экинчи түрмөк үчүн 400-оромдуу түрмөктөрдү колдонуп, генератордон  чыңалуу бергиле. Экинчи түрмөктөгү чыккан чыңалууну өлчөп  9.1- таблицага  жазгыла.

3.    U - формасындагы  өзөкчөнүн жогорку түз бөлүгүн түрмөктөргө 9.6а-сүрөттөгүдөй (В конфигурациясы) койгула жана 2-көнүгүүнү кайталагыла.

4.    9.6б-сүрөттө  көрсөтүлгөндөй (С конфигурациясы) ачык U-формасындагы  өзөкчөнүн  эки тарабына тең түрмөктөрдү жайгаштырып,  2-кадамды  кайталагыла.

5.    Акырында 9.6в-сүрөттө көрсөтүлгөндөй (D конфигурациясы) U-формасындагы  өзөкчөнү туюктап,  2-кадамды  кайталагыла.

 

9.7-сүрөт

6.    Кирген чыңалууга салыштырмалуу чыккан чыңалуунун мааниси эң чоң болгон өзөкчөнүн конфигурациясын колдонуп, биринчи жана экинчи түрмөктөрдүн бардык комбинациялары үчүн тажрыйбаны кайталагыла. Бардык учурда кирген чыңалуунун мааниси тон ашпашы керек. Алынган  чоңдуктарды 9.2- таблицага жазгыла. 

 

 

Анализ:

 

1.    Өзөкчөнүн кандай конфигурациясында экинчи түрмөккө болгон электромагниттик таасир чоң болот? Өзөкчөнүн конфигурациясына жараша экинчи түрмөктө пайда болгон чыңалуунун маанилерин болушун теориянын жардамы менен түшүндүргүлө.

2.    9.2-таблицадагы чоңдуктарга таянып, биринчи түрмөктүн оромдорунун турактуу маанисинде экинчи түрмөктүн оромдордунун санын өзгөртүп, кирген чыңалуунун чыккан чыңалуудан болгон көз карандылык графигин тургузгула. Чыккан чыңалуу менен экинчи түрмөктүн оромдорунун санынын ортосунда кандай  математикалык көз  карандылык  байкалат?

3.    Трансформатордун иштөө мүмкүнчүлүгүн кантип дагы кеңейтсе болот? Биринчи түрмөктөн экинчи түрмөккө индукциянын берилүүсүн арттыруу максатында кандай өзгөртүүлөрдү жасаса болот?

 

9.1- таблица

 

Биринчи түрмөк

Экинчи

 түрмөк

Өзөкчөнүн конфигура-

циясы

Кирген чыңалуу

Чыккан чыңалуу

Оромдордун

саны

 ()

 ()

400

400

A

 

 

400

400

B

 

 

400

400

C

 

 

400

400

D

 

 

 

Өзөкчөнүн конфигурациясы: _____________

9.2- таблица

 

Биринчи түрмөк

Экинчи  түрмөк

Кирген чыңалуу

Чыккан чыңалуу

Оромдордун

саны

 ()

 ()

200

400

 

 

 

 

200

800

 

 

 

 

200

1600

 

 

 

 

200

3200

 

 

 

 

400

200

 

 

 

 

400

800

 

 

 

 

400

1600

 

 

 

 

400

3200

 

 

 

 

800

200

 

 

 

 

800

400

 

 

 

 

800

1600

 

 

 

 

800

3200

 

 

 

 

1600

200

 

 

 

 

1600

400

 

 

 

 

1600

800

 

 

 

 

1600

3200

 

 

 

 

3200

200

 

 

 

 

3200

400

 

 

 

 

3200

800

 

 

 

 

3200

1600

 

 

 

 

 

 

II БӨЛҮK

 

ИШТИН ТАРТИБИ:

 

1.    9.7-сүрөттө көрсөтүлгөндөй темир өзөкчөгө оромдорунун саны бирдей (400) болгон түрмөктөрдү киргизип, өзөкчөнү туюктап, кирүү жана чыгуу учтарына вольтметр (жарыш) жана амперметрди (удаалаш) туташтыруу менен бирге, экинчи түрмөккө  1000дук резисторду туташтырып чынжыр чогулткула.

 

9.7-сүрөт

 

2.    Кирген чыңалууну   ко тууралагыла. Экинчи түрмөктө каршылыгы 1000дук  резистор туташтырылган учурдагы кирген жана чыккан чыңалууларды жана ток күчтөрүн өлчөгүлө. Жыйынтыктарды 9.3-таблицага жазгыла.

3.    1-2-кадамдарды каршылыгы100дук  резистор менен кайталагыла.

4.    1-2-кадамдарды каршылыгы10дук  резистор менен кайталагыла.

5.    Эми экинчи түрмөктөгү оромдордун санын өзгөртүү менен, 1-4-кадамдарды кайталагыла. Кирген жана чыккан түрмөктөгү оромдордун санынын бардык комбинациялары үчүн 1-4-кадамдарды кайталап, тиешелүү чоңдуктарды өлчөгүлө.

6.    Экинчи түрмөктү 9.8-сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, беш-алты жолу ороло тургандай жоон сары зым менен  алмаштырып, ага амперметрди туташтырып, кирген чыңалууну ко тууралап, чыккан ток күчүн ченегиле.

 

9.8-сүрөт

9.9-сүрөт

 

7.    SF-8617 моделиндеги комплектиңиз бар болсо, биринчи жана экинчи түрмөктөрдү 9.9-сүрөттөгүдөй жайланыштырып, кирген жана чыккан тараптарына вольтметрлерди (паралелль) жана амперметрлерди (удаалаш) туташтыруу менен 1-4-кадамдарды кайталагыла.

 

 

Эскертүү: Ш формасындагы өзөкчө менен башка түрдүү конфигурацияларды да изилдесеңиз болот.

 

8.    Лабораторияда бирден ашык өзөкчө бар болсо, аларды 9.10-сүрөттө көрсөтүлгөндөй туташтырып, кирген жана чыккан ток күчүн өлчөп, анализ жасагыла.

 

Биринчи        Экинчи                                          Биринчи       Экинчи

9.10-сүрөт

 

 

Анализ:

 

1.      9.3-таблицасында берилген чоңдуктардын маанисин эсептеп чыгаргыла. Эгерде көнүгүүнүн 7-кадамын аткарууга  мүмкүн болсо, анда дагы бир таблицаны толтуруу зарыл  болот.

2.      Каршылыктын турактуу маанисинде оромдорунун саны түрдүү түрмөктөр үчүн кирген жана чыккан  токторунун  арасында  кандай  байланыштар  бар?

3.      Түрмөктөгү оромдордун белгилүү бир комбинациясы үчүн каршылыкты өзгөртүү, кирген токтун чыккан токко болгон катышын кандай өзгөртөт? Бардык комбинациялар үчүн катыш бирдей болобу? Тажрыйбадан алынган натыйжаларга карата жыйынтык чыгаргыла.

4.      Биринчи жана экинчи түрмөктөгү оромдордун саны бирдей болгон учурда чыңалуунун идеалдуу өзгөрүшү алынат. Силер жүргүзгөн тажрыйбада чыңалуунун өзгөрүшү ()  идеалдык  мааниге (бирге) канчалык  жакындады?

5.      Идеалдык трансформаторлор бир чыңалуудан экинчи чыңалууга өткөндө, өтө аз кубаттуулукту жоготуу менен (ПАК100%), индукциялык ток беришет. Силер жүргүзгөн тажрыйбада кубаттуулуктардын катышы () идеалдык трансформатордун кубаттуулуктарынын катышына канчалык деңгээлде жакындады?

6.      Экинчи түрмөктү беш-алты жолу ороло тургандай жоон сары зым менен  алмаштырганда (6-кадам) кандай жыйынтыктар алынды?

9.3-таблица

 

Биринчи

түрмөк

Экинчи

түрмөк

Каршылык

Кирген

чыңалуу

Кирген

ток күчү

 

Чыккан

Чыңалуу

 

Чыккан

ток күчү

Кирген

 кубаттуулук

Чыккан

кубаттуулук

Чыңалуулардын

катышы

Кубаттуулуктар-

дын  катышы

Оромдордун саны

 ()

 ()

 ()

 ()

   ()

 ()

 ()

400

200

10

 

 

 

 

 

 

 

 

400

200

100

 

 

 

 

 

 

 

 

400

200

1000

 

 

 

 

 

 

 

 

400

400

10

 

 

 

 

 

 

 

 

400

400

100

 

 

 

 

 

 

 

 

400

400

1000

 

 

 

 

 

 

 

 

400

800

10

 

 

 

 

 

 

 

 

400

800

100

 

 

 

 

 

 

 

 

400

800

1000

 

 

 

 

 

 

 

 

400

1600

10

 

 

 

 

 

 

 

 

400

1600

100

 

 

 

 

 

 

 

 

400

1600

1000

 

 

 

 

 

 

 

 

400

3200

10

 

 

 

 

 

 

 

 

400

3200

100

 

 

 

 

 

 

 

 

400

3200

1000

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7.      Ш формасындагы өзөкчөлөр менен түрмөктөрдөгү оромдордун түрдүү комбинацияларынан алынган (7-кадам) чыңалуунун жана токтун маанилерине талдоо жүргүзгүлө. Алынган чоңдуктарды U формасындагы өзөкчө менен  алынган  маанилер  менен  салыштыргыла. Эки өзөкчөнүн кайсынысы артыкчылыкка ээ? Эмне себептен? Башка өзгөртүүлөрдү жасоо менен бул артыкчылыкты арттырууга мүмкүнбү?

8.      8-кадамды аткарууда биринчи жана акыркы түрмөктөрдүн оромдорунун  саны  бирдей  болсо, кирген жана чыккан чыңалуулар канчалык деңгээлде бири бирине жакындады? Түрмөктөрдүн бардык комбинациялары үчүн кирген жана чыккан кубаттуулуктар кандай өзгөрдү? Тажрыйбанын бул бөлүгү мурунку бөлүктөрүнөн эмнеси менен айырмаланат?